Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстандын жаңы гимнин жазууга сынак башталганын жарыялап, 5 мыкты чыгармага акчалай сыйлык каралганын билдирди.
Жаңы гимнде кыргыз элинин тарыхый мурастары, маданий салттары жана улуттук биримдиги чагылдырылышы керек.
Сынакка кимдер катыша алат?
Сынакка композиторлор, музыканттар, акындар, автордук жамааттар жана чыгармачыл бирикмелер катыша алышат. Өтүнмөлөр 2025-жылдын 20-мартына чейин Маданият министрлигине «Бишкек шаары, Пушкин көчөсү 78» дарегинде кабыл алынат. Ошондой эле чыгарманы электрондук форматта төмөнкү дарекке жөнөтсө болот: gimn.2025@minculture.gov.kg
Сынактын максаттары жана милдеттери:
Сынактын негизги максаты – кыргыз элинин негизги баалуулуктарын даңазалаган, мекенчилдик сезимди күчөтүп, өлкөбүзгө сыймык менен мамиле кылууга үндөгөн жаңы мамлекеттик символду жаратуу.
Тандоо критерийлери:
- Салтанаттуулук, патриоттук дух жана эмоциялык тереңдик;
- Улуттук өзгөчөлүктү, маданий жана руханий салттарды чагылдыруу;
- Музыкалык гармония жана жеңил кабыл алынышы;
- Кыргыз адабий тилинин нормаларына шайкеш келиши.
Катышуу шарттары:
Сынакка жаңы жазылган, ошондой эле мурда аткарылган же жарыяланган музыкалык чыгармалар катыша алат (автордук укуктар сакталышы керек). Ар бир катышуучу бир же бир нече вариантты сунуш кыла алат. Гимндин узундугу:
- Толук версиясы – 3 мүнөттөн ашпашы керек
- Инструменталдык версиясы – 2 мүнөттөн ашпашы керек
Өтүнмөгө төмөнкү документтер кошулушу шарт:
- Катышуучунун же жамааттын жеке маалыматтары;
- Гимндин видеожазуусу же аудиожазуусу;
- Ноталык партитура;
- Гимндин кыргыз тилиндеги тексти;
- Жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдук.
Тандоо тартиби жана сыйлыктар:
Сынак эки этапта өткөрүлөт. Биринчи этапта Маданият министрлиги бардык өтүнмөлөрдү кабыл алып, аларды мекемелер аралык комиссияга өткөрүп берет. Аталган комиссиянын курамына Жогорку Кеңештин, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жазуучулар, композиторлор жана маданият ишмерлери кирет.
Экинчи этапта комиссия 15 иш күндүн ичинде чыгармаларды белгиленген критерийлер боюнча баалап, мыкты үч эмгекти Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтөт.
Жеңүүчүлөргө бериле турган сыйлык:
- I орун – 1 500 000 сом жана диплом;
- II орун – 1 000 000 сом жана лауреат диплому;
- III орун – 500 000 сом жана лауреат диплому;
- IV жана V орундар үчүн атайын сыйлыктар – 250 000 сом.
Эгерде сынакка өтүнмөлөр жетиштүү деңгээлде түшпөсө же татыктуу чыгармалар болбосо, сынактар жараксыз деп таанылышы мүмкүн.
Ачык-айкын жана калыс тандоо процесси
Маданият министрлиги сынактын ачык-айкын өтүшүн камсыз кылат. Анын жүрүшү тууралуу маалымат министрликтин жана министрлер кабинетинин расмий сайттарында, социалдык тармактарда жарыяланат жана мамлекеттик маалымат каражаттары аркылуу чагылдырылат.
Министрлик өнөрлүү жарандарды сынакка катышууга чакырат.