Улуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылдыСадыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирдиЕреванда кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрө турган бир катар документтерге кол коюлду18-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаайт
Чыңгыз Айтматов тууралуу көркөм тасманын тизери жарыяланды
05.12.2025 | 17:22

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов жөнүндөгү толук метраждуу көркөм тасманын тизери жарыяланды. «Айтматов» аттуу тасманын бет ачары 2026-жылга пландалууда.
Маданият министрлиги негизги ролду ким аткарары азырынча сыр бойдон каларын билдирди.
Тасма жазуучунун биографиялык материалдарынын негизинде тартылып, анын өмүрүн жана чыгармачылык жолун чагылдырат. Аны жаш кыргыз режиссёру жана оператор-коюучу Каныбек Калматов тартууда.
Буга чейин тасманы тартуу иштери башталганы айтылган. Аны жаш кыргыз режиссёру жана оператор-коюучу Каныбек Калматов тартууда.
Калматов Чыңгыз Айтматовдун өмүр баянын экрандаштырууга эксклюзивдүү укук алган. Тиешелүү келишим жазуучунун уулу Эльдар Айтматов менен түзүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият