16-17-ноябрда Чүйдө жана Бишкекте бир катар көчөлөр жабылат

16-17-ноябрда Чүйдө жана Бишкекте бир катар көчөлөр жабылат

16-17-ноябрда Чүй облусу жана Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүнө чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул күндөрү Бишкекте шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө-мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясынын иш-чаралары өтөт.

Буга байланыштуу Чүй облусунун жана Бишкек шарынын төмөнкү көчөлөрүнө маал-маалы менен чектөө киргизилет:

— «Манас» аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;
— Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып Жибек-Жолу көчөсүнө чейин;
— Жибек-Жолу көчөсү Фучик көчөсүнөн тартып чыгышты карай Манас проспектисине чейин;
— Манас жана Ч. Айтматов көчөлөрү түштүктү карай «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейин;
— Медеров көчөсү Байтик-Баатыр көчөсүнөн тартып, Б. Юнисалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү.

«Бул мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбооңуздарды, оор жук талуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууну жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырабыз», — деп айтылат ЖКККББнын маалыматында.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>