Балыкчыда заманбап китепкананын курулушу башталды

Балыкчыда заманбап китепкананын курулушу башталды

Бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков Балыкчы шаарындагы №9 Шаршеналы Күрүчбеков атындагы мектебинде салына турган заманбап китепкананын курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, китепканага Балыкчы шаардык мэриясы тарабынан жер бөлүнүп берилип, “Ыйман Нуру” парламенттик фракциясынын лидеринин кеңешчиси Аскарбек Куручбеков каржылай колдоо көрсөтүүдө.

Иш-чарага Балыкчы шаарынын мэри Азамат Анарбек уулу, Балыкчы шаардык кеңештин төрагасы Жакшылык Абдразаков жана мектептин жамааты катышып, «Ш. Күрүчбеков мектебиндеги китепкана билимге жаркын жол болсун!”,- деген тилекте капсула коюшту.

Мектеп администрациясы Ш. Күрүчбеков атындагы мектептин өнүгүшүнө жана келечек муундардын билиминин, маданиятынын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошуп жаткандыгы үчүн Нуржигит Кадырбековго Ыраазычылык дипломун тапшырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>