17-21-ноябрда биринчи жолу Бишкек эл аралык кинофестивалы өтөт 

17-21-ноябрда биринчи жолу Бишкек эл аралык кинофестивалы өтөт 

Ушул жылдын 17-21-ноябрь күндөрү Бишкекте биринчи жолу Бишкек эл аралык кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Фестиваль, президенттин 2022-жылынын 20-майындагы “Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана Кыргызстандын  кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгынын негизинде уюштурулуп, эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналып өткөрүлүүдө.

Иш-чарада эки башка категорияда сынак өткөрүлүп, эл аралык кино сынакта 10 тасма, улуттук сынакта 8 тасма ат салышат. Сынактардын калыстар тобуна дүйнө кино өндүрүшүндө белгилүү ысымдардан Семих Капланоглу, Филипп Чеа, Елена Дулгеру, Пак Сон Ён жана Гүлсара Ажыбекова кирип, фестивалдын башкы сыйлуу коногу катары Ч.Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” тасмасында башкы каарман катары тартылган актриса Түркан Шорай келет.

Фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземи 17-ноябрда саат 19:00дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп, кино индустрия тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн “Асман” килеминен өтүүсү менен башталат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>