Бишкекте КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясы өтөт

Бишкекте КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясы өтөт

16-17-ноябрда Бишкек шаарында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) күзгү сессиясы өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алсак, сессиянын алкагында КМШ ПААнын Кеңешинин отуруму, КМШ ПААнын 56-пленардык жыйыны, КМШ жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын отуруму өтөт. Андан тышкары, Саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча, Социалдык саясат жана адам укугу боюнча КМШ ПААнын туруктуу комиссияларынын жыйындары болот.

Ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин жетекчилери жана депутаттары Жогорку Кеңештин 85 жылдыгына жана белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулган эл аралык конференцияларга катышат.

Белгилей кетсек, Бишкекке Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россиядан, Тажикстан, Өзбекстандан делегациялардын келиши күтүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>