Кыргызгидромет билдиргендей, көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Баткен облусунда күндүз айрым жерлерде жаан-чачын жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн -3…+2
күндүз +4…+9
Талас облусу
түнкүсүн -4…+1
күндүз +2…+7
Баткен облусу
түнкүсүн -2…+3
күндүз +4…+9
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн -2…+3
күндүз +4…+9
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн -4…+1
күндүз +3…+8
Нарын облусу
түнкүсүн -3…-8
күндүз -4…+1.
Бишкекте түнкүсүн кээде кар жаап, күндүз жаан, кар жаайт. Жолдор тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. жетип, абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүзгү жогорку температурасы 6…8° жылуу болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз