17 жашар кызды пайдаланып, акча талап кылышкан. Өзгөндө милиция кызматкерлери кармалды

06.02.2026 | 11:22

Өзгөн райондук милициясынын кызматкерлери жашы жете элек кызды сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге тартып, андан соң жарандардан акча талап кылуу боюнча кылмыштуу схема уюштурууга шектелүүдө.

УКМКнын маалыматында, Өзгөн РИИБдин улук участкалык милиция кызматкери З.у.А. жашы жете электер менен иштөө боюнча инспекторлор Н.А.Н. жана А.у.А. менен алдын ала сүйлөшүп, 2008-жылы туулган кызды бардар эркектер менен жыныстык катнашка барууга азгырышкан. Андан соң милиция кызматкерлери жасалма кармоо жүргүзүп, психологиялык басым жана шантаж аркылуу ал эркектерден акча талап кылышкан.

4-февралда аталган кызматкерлер кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалгандар мыйзамсыз аракеттерин моюнга алышкан. Ошондой эле ИИМдин башка кызматкерлери жана жарандар катышкан ушул сыяктуу уюштурулган башка фактылар аныкталган. Учурда тергөө жүрүүдө.

Scroll to Top