Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең 2-октябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ысык-Көл, Талас, Нарын дубандарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3 градуска чейин үшүк жүрөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18,
Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 7…12, күндүз 15…20,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18,
Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16,
Бишкекте эртең күндүз жаан чачын болбойт, түнкүсүн жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 16…18° градус жылуу болот.. Секундасына 4-9 метрге жеткен шамал жүрүп турат.