Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең 20-сентябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты улам өзгөрүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32;
Таласта түнкүсүн 6…11, күндүз 27…32;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21;
Нарында түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24;
Бишкекте эртең күн ачык болот. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 14…16°, күндүзгү жогорку температурасы 30…32° болот. Секундасына 1-6 метрге жеткен шамал жүрүп турат.