2021-жылдын 1-январына чейин салыктык текшерүүгө чектөө киргизилди

2021-жылдын 1-январына чейин салыктык текшерүүгө чектөө киргизилди

Мамлекеттик салык кызматы салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө 2021-жылдын 1-январына чейин чектөө киргизди. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирет.

Салыктык текшерүүлөрдү токтото туруу жөнүндө чечим Өкмөттүн 30-марттагы буйругунун алкагында кабыл алынды.

Чектөө төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

— товарлардын акцизделчү тобун өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн чарбалык субъекттерди пландуу текшерүүлөргө;

— уюмдар кайра уюштурулган, жоюлган жана жеке ишкердин иши токтотулган учурда жүргүзүлүүчү пландан тышкаркы текшерүүлөргө;

— өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими аяктагандан кийин салык төлөөчүлөрдүн салыктарды туура эмес эсептөө фактысы тууралуу күбөлөндүргөн, документ жүзүндө тастыкталган маалыматты салык органы алган учурда пландан тышкары текшерүү жана кайра текшерүү жүргүзүүгө;

— өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими аяктагандан кийин камералык текшерүүлөргө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>