ИӨБ Кыргызстанга ипотекалык турак жай курууга 79 млн доллар бөлөт

ИӨБ Кыргызстанга ипотекалык турак жай курууга 79 млн доллар бөлөт

Ислам өнүктүрүү банкы «Шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо» долбоорунун алкагында Кыргызстанга 79 млн доллар бөлөт.

Документке кол коюу аземи Сауд Аравиянын борбору Эр-Риядда министрлер кабинетинин башчысынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мохаммед Сулайман Аль-Жасирдин жолугушуусунда өттү.

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары бул долбоорду ишке ашыруунун аркасында миңдеген муктаж үй-бүлөлөр ипотекалык кредиттөө системасы аркылуу социалдык турак жайга ээ болоорун белгиледи.

«Калкты арзан турак-жай менен камсыздоо мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыты болуп саналат», — деди ал.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды. Бүгүнкү күндө банк тарабынан жалпы суммасы 500 миллион доллардан ашык 27 долбоор ишке ашырылып, учурда 200 млн долларлык долбоорлор ишке ашыруу стадиясында турат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>