Site icon Reporter.kg

2022-жылы кыргызстандыктарды сыймыктандырган окуялар

Кыргызстанда 2022-жылы жагымдуу окуялар да көп болду. Reporter.kg былтыркы жылдын кубанычтуу окуяларын эске салат.

Кыргызстандын калкы жети миллионго жетти

Былтыр Кыргызстандын калкынын саны жети миллионго жетти. Жети миллионунчу жаран Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда төрөлдү. Бул бардык кыргызстандыктар үчүн кубанычтуу кабар болду. Наристеге атты президент Садыр Жапаров Жакшылык деп койду. Жакшылык салмагы 3,9 кг, бою 54 см болуп төрөлдү.

Жакшылыктын ата-энеси Валижан Абдурасулов менен Айжаркын Сыраждинова Баткендин Кызыл-Кыя шаарында турушат. Reporter.kg жети миллионунчу болуп төрөлгөн Жакшылыктын атасы Валижан Абдурасулов менен чакан маек курган.

Валижан Абдурасуловдун айтымында, Жакшылык алардын төртүнчү баласы. Алар эки уул, эки кыздын ата-энеси болду. Ал буга чейин Орусияда мигрант болуп жүргөн, учурда курулушта иштейт. Жубайы декретке чыкканга чейин ооруканада санитар болуп иштечү.

Ал уулунун жети миллионунчу болуп төрөлгөнүн укканда кандай сезимдер болгону тууралуу буларды айткан: «Кубанычтуу сезимдер болду. Биздин уулубуз жети миллионунчу болуптур деп ичимден кубандым, жаратканга шүгүр кылдым. Биринчиден балабыздын, апасынын ден соолугу болсун деп тиледим. Кыргызстандын калкынын саны жети миллионго жеткенине кубандык».

Жети миллионунчу болуп төрөлгөнүнө байланыштуу мамлекет Жакшылыкка 1 млн сом берилерин билдирип, банкта депозит ачылган. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдиргендей, Жакшылык акчаны 16 жашка чыкканда алат. Ага чейин депозиттеги акча 11,5 млн сомду түзүп калат.

Күрөш

Кыргызстандык спортчулар жылдан жылга эл аралык мелдештерде жеңишке жетишип, жаңы ийгиликтерди жаратууда. Алар жиу-житсу, сууда сүзүү, жеңил жана оор атлетика, көк бөрү (көкпар), бокс, самбо, карате жана башка спорт түрлөрү боюнча эл аралык мелдештерде жеңүүчү, байге ээлери болду. Айрыкча күрөштөгү балбандардын ийгиликтерин баса белгилеп кетүү керек.

2020-жылы грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков (60 кг) алгач ирет чоңдор арасында Азия жана дүйнө чемпиону болду.

Ошондой эле Жоламан Шаршенбековдун бир тууган агасы Тынар Шаршенбеков да 63 кг салмакта алгачкы жолу Азия чемпиону боло алды.

Акжол Махмудов экинчи жолу Азия жана алгач ирет дүйнө чемпиону болду. Ал Кыргызстандын тарыхында грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону атанган биринчи спортчу болуп калды. Буга чейин кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандан чыккан биринчи дүйнө чемпиону болгон. Ал дүйнө биринчилигин эки ирет жеңген.

Эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев (70 кг) Азия чемпионатында күмүш, дүйнө чемпионатында коло байгеге татыды. Арсалан Будажапов Азия жана дүйнө чемпионаттарында коло медаль тагынды. Аны менен бирге Амантур Исмаилов (67 кг, грек-рим күрөшү) менен Алибек Осмонов (65 кг, эркин күрөш) дүйнө чемпионатында коло байге утту.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы (76 кг) быйыл алгач ирет Азия чемпиону болду.

Футбол

Былтыр Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Азия кубогунун финалдык айлампасына чыга алды.

Азиянын кубогуна тандоо турунда 24 команда финалдык айлампага чыгууга ат салышып, алар төрттөн алты тайпага бөлүнгөн. Анын ичинен 11не гана Азия кубогунда ойнооого мүмкүнчүлүк берилмек: өз тайпасында биринчи орунду ээлеген алты команда жана экинчи орундагы алдыңкы беш курама.

Натыйжада Кыргызстан өз тайпасында экинчи орунду ээлеген алдыңкы беш команданын ичине кирип, Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө өз тарыхында экинчи ирет чыкты.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын футбол курамасы алгачкы жолу Азия кубогунда 2019-жылы ойноп, анда «ак шумкарлар» 1/8 финалга чейин жеткен.

Манаслу чокусун багындыргандар

Быйыл 1-октябрда Кыргызстандын биринчи улуттук экспедициясы Гималайдагы бийиктиги 8 миң 156 метр болгон Манаслу чокусун багындырды.

Экспедициянын курамына Кыргызстандын альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов, альпинизм боюнча башкы машыктыруучу, кураманын капитаны Сергей Селиверстов, «Манаслу-2022» долбоорунун жетекчиси Кадыр Нурмаматов, кураманын мүчөлөрү Андрей Ерохин, Асел Байбагышева, Илим Карыпбеков, Азизбек Өмүркулов, Андрей Алипов жана Сергей Красовский кирген.

Алар Манаслу чокусуна дүйнөдөгү эң чоң дастан болгон «Манас» эпосун жана Кыргызстандын туусун көтөрүп чыгышты.

Гиннестер китебине кирген манасчы

Түркиянын Бурса шаарында өткөн “Манас жумалыгынын” алкагында Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Рысбай Исаков манас айтуучулук багыты боюнча дүйнөлүк гиннестер китебине 124 саат убакытка манас айтуу боюнча катталганы кыргызстандыктарды кубандырбай койгон жок.

Дүйнөлүк гиннестер китебине катталгандыгы тууралуу расмий маалыматты Бүткүл дүйнөлүк Гиннесттер китебинин Түркия жана Борбор Азия мамлекеттери боюнча өкүлү тастыктап, манасчыга Гиннестин күбөлүгү тапшырылган.

Садыр Жапаров манасчы Рысбай Исаков менен жолугушуп, Гиннесстин рекорддор китебине кириши менен куттуктаган жана ага белек тапшырган.

Дүйнөдөгү 100 таасирдүү аял

Өткөн жылдагы кубанычтуу, сыймыктандыра турган кабарлардын бири кыргызстандык Айнура Сагын BBC түзгөн дүйнөдөгү 100 таасирдүү жана шык берүүчү аялдын тизмесине киргени болду.

Аталган тизмеге дүйнөдөгү таанымал ырчылар Алла Пугачева, Билли Айлиш, Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жубайы Елена Зеленская, Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана башка ырчы, актриса, спортчу, саясатчы, укук коргоочу, активисттер кирген.

«Компьютердик инженер, экофеминист жана стартаптын башкы директору болгон Айнура Сагын өз жөндөмүн экологиялык көйгөйлөрдүн технологиялык чечимдерин табууга жумшап келет. Ал түзгөн Tazar тиркемеси таштанды «өндүрүүчүлөр» – үй чарба, жеке адамдар, ресторан, фабрикалар менен таштандыны кайра иштетүүчүлөрдү байланыштырып турат. Тиркеме таштанды жайына ыргытылуучу таштандылардын санын кыскартууга, натыйжасында Борбор Азия өлкөлөрүндө туруктуу өнүгүүнүн көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган»,деп белгилейт BBC .

 

D Billions Кыргызча

Дүйнөгө таанымал, балдар үчүн контент даярдаган кыргызстандык D Billions тобу 2022-жылдын сентябрь айында кыргызча канал ачты.

Бүгүнкү күнү алардын кыргызча каналындагы катталуучуларынын саны 191 миңге жетип, эң көп көрүлгөн видео 22 миллионду түздү.

Кыргызстанда кыргыз тилин өнүктүрүү, жайылтуу маселеси курч турган учурда аталган топтун кыргыз тилин жайылтууга кошуп жаткан салымы зор экенин белгилеп кетүү керек.

D Billions 10 млн катталуучу үчүн YouTube’дун «бриллиант баскычын» Кыргызстанда гана эмес, КМШ өлкөлөрүнүн ичинде биринчилерден болуп алган. Учурда алардын негизги каналындагы катталуучуларынын саны 24 миллиондон ашат. Ал эми алардын видеолорун көрүүлөр 23,6 миллиардга жеткен. Алар англис, орус, испан, француз жана башка тилдерде контент жасайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version