2025-жылы 9,6 миң чет элдик жаранга «миграциялык мунапыс» берилди

17.12.2025 | 10:25

Быйыл 9 миң 600 чет элдик жаран «миграциялык мунапыс» аркасынан өлкөдөн чыкпай туруп, Кыргызстанда жүрүүсүн мыйзамдаштырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Ошондой эле 1 миң 700дөн ашык адам өз ыктыяры менен республикадан чыгып кетти.

Ушул жылдын май айында өлкө башчы өлкө башчы Садыр Жапаров 10-июнга чейин чет элдик жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргызстандын аймагындагы жүрүүсүн мыйзамдаштырууга шарт түзгөн жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, визасынын мөөнөтү өтүп кеткен же документтери жокко чыгарылган адамдар, эгер ыктыярдуу түрдө өз макамын мыйзамдаштырса, административдик жоопкерчиликтен бошотулары айтылган. Ички иштер министрлиги 10-июнга чейин өлкөдө жүрүүсүн мыйзамдаштырбаган чет элдиктер өлкөдөн депортацияланарын билдирген.

Scroll to Top