Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
2026-жылы дарыгерлердин айлыгы 50%га көтөрүлөт
15.09.2025 | 13:42

2026-жылы Кыргызстанда дарыгерлердин айлыгын 50%га көтөрүү пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев билдирди.
Министрдин айтымында, учурда дарыгерлердин орточо айлыгы 25 миң сомдун тегерегинде. Ал белгилегендей, кенже кызматкерлердин жана техникалык персоналдардын эмгек акысы мурда көтөрүлбөй калгандыктан, аларга маяна жогорулатылган. 2026-жылы дарыгерлердин маянасын 50%га көтөрүү каралууда.
Мындан тышкары, баштапкы баскычтагы ординатор-дарыгерлердин айлыгы азыркы учурда 20 миң сомдун тегерегинде экендиги маалым болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом