2026-жылы Кыргызстанда инвесторлор үчүн электрондук «бирдиктүү терезе» ишке киргизилет
КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик «Түндүк» ААКсы менен биргеликте ишке берилиши 2026-жылга белгиленген «Инвестициялар» автоматташтырылган маалыматтык тутумун (АМТ) ишке киргизүүгө киришти. Бул тууралуу агенттиктин (УИА) басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы санариптик платформа «бирдиктүү терезе» принциби боюнча иштейт. Ал инвесторлорго табыштамаларды электрондук түрдө берүүгө, долбоорлор базасына онлайн кирүүгө жана мамлекеттик маалымат тутумдары менен интеграцияланган борборлоштурулган маалыматтарды колдонууга шарт түзөт.
Долбоорду ишке ашыруу бюрократиялык жол-жоболорду түп-тамырынан жеңилдетүүгө багытталган: процесстердин ачык-айкындуулугун жогорулатуу, административдик мөөнөттөрдү кыскартуу жана өлкөнүн бардык инвестициялык демилгелеринин бирдиктүү санариптик реестрин түзүү күтүлүүдө.
Учурда иштеп чыгуунун пландалган беш этабынын үчүнчүсү ийгиликтүү аяктады. Анын алкагында инвестициялык климатты жакшыртууга жана эл аралык бизнестин Кыргызстанга болгон ишенимин бекемдөөгө багытталган тутумдун функционалы боюнча негизги сунуштар макулдашылды.