Франция жалында: социалдык нааразылыктар кантип массалык башаламандыкка айландыАдылбек Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин куттуктадыМамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнө салдыБишкек ШИИБи Сыймык Жапыкеевдин кармалышы боюнча суроого жооп берди: батирдеги ызы-чууКыргызстанда инвесторлор үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү сунушталуудаСыймык Жапыкеев кармалганын жана «Кыргызтестке» жетишпей калганын билдирди
Мурдагы депутат Шайырбек Ташиев кайрадан суракка чакырылды
26.03.2026 | 12:23

Жогорку Кеңештин мурадгы депутаты Шайырбек Ташиев кайрадан сурак берди. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына ИИМдеги булактар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Шайырбек Ташиев ИИМге күбө катары суракка байма-бай чакырылууда. Ал учурда бир нече иш боюнча сурак берүүдө.
Эскерте кетсек, 13-мартта Шайырбек Ташиев Ички иштер министрлигинде суракта болгон. Ал кайсы иш боюнча сурак бергени тууралуу маалымат берилген эмес. Кийинки күнү, 14-мартта, Борбордук шайлоо комиссиясы анын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алган.
Шайырбек Ташиев – УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат