Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
21-мартка карата аба ырайы
21.03.2026 | 10:00

Бүгүн, 21-мартта, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр, ал эми тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Жалал-Абад облусунун Чаткал өрөөнүнө жана Чычкан капчыгайында жаан жаайт. Ал эми калган облустарда жаан-чачын күтүлбөйт, күн ачык жана бир аз булуттуу болот. Ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
- Чүй облусунда түнкүсүн 1…6°C, күндүз 13…18°C;
- Талас облусунда түнкүсүн 1…3°C, күндүз 14…16°C;
- Ош облусунда түнкүсүн 4…6°C, күндүз 18…20°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 5…7°C, күндүз 19…21°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн 3…5°C, күндүз 17…19°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-4°C, күндүз 8…13°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн -4…-6°C, күндүз 5…7°C болот;
- Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 3…5°C, күндүз 16…18°C болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом