Кримтөбөл Женго менен байланышы бар жаран кармалды

Кримтөбөл Женго менен байланышы бар жаран кармалды

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда, 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин материалдары боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында  2024-жылдын 11-сентябрында кримтөбөл «Женго» каймана аты бар К.Досонов менен тыгыз байланышта болгон, 1970-жылы туулган Кыргызстандын жараны С.К.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган жаран «Женго» менен тыгыз байланышта болуп, Ош шаарынын жана Ош облусунун ишкерлеринен кыймылсыз мүлк объектилерин мыйзамсыз тартып алганы аныкталган. Тактап айтканда, физикалык зомбулук көрсөтүү жана өмүрүнөн ажыратуу менен коркутуп, Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айылында жайгашкан «Пахта заводун», ошондой эле Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында жайгашкан «Трактордук гаражды», май чыгаруучу цехти жана теплицаны мыйзамсыз ээлеп алышкан.

Кылмыштуу план боюнча С.К.А. завод-фабрикалардын өндүрүштүк муктаждыктарына жеңилдетилген кредит алуу шылтоосу менен жабырлануучунун ишенимине кирип, көрсөтүлгөн объектилерди өзүнүн наамына кайра каттатып койгон. Ошол эле учурда аталган кредитти бербестен, С.К.А. жабырлануучунун өндүрүштүк объектилерди өзүнүн менчигине кайтарып берүү өтүнүчүнө жооп берип, бир гана пахта заводун кайтарып берүү менен ал калган объектилерди кайтарып берүүдөн баш тарткан. Ошол эле учурда кримавторитет “Дженго” менен кылмыштуу байланыштарды пайдаланып, жабырлануучуну физикалык күч колдонуу менен коркута баштаган.

С.К.А. аттуу жарандын жашаган жерин тинтүү учурунда 2 даана жылмакай ок атуучу куралдар, бычактар, ИИМдин кызматкеринин өздүк күбөлүгү, ошондой эле аталган өндүрүш объектилерине тиешелүү документтер табылып, алынды.

2024-жылдын 11-сентябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында С.К.А. УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына жеткирилип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: Женго УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>