Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Сокулукта борбордук стадиондун курулушу башталды
14.09.2024 | 14:37
Чүй облусунун Сокулук районунда борбордук футбол стадионун жана заманбап спорт комплексин куруу пландалууда. Аталган жайдын курулушуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы жана Кыргызстандын футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев капсула салды.
Анын айтымында, Кыргызстандын бардык аймагында спорт объектилери курулуп, реконструкцияланып жатат, алар курулганда ал жерде эл аралык мелдештер өткөрүлөт;
Спорт комплексинин жалпы аянты 15 миң чарчы метрден ашык болот.
«Камчыбек Ташиев Мамкурулуш комитетине Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте өз убагында каржылана турган тиешелүү долбоорду даярдоону тапшырды», — деп билдирди УКМК.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар