Кыргызстандын аймагында 22-апрель саат 10:00гө карата дагы 22 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
СOVID-19 инфекциясынын жаңы жуктургандар төмөнкү аймактардан катталды:
- Бишкек ш. – 10
- Чүй облусу – 2
- Ош ш. – 4
- Ош облусу — 1
- Жалал-Абад облусу — 4
- Нарын облусу – 1
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы 616 учур катталды.