Улан Ниязбеков Грузиянын премьер-министри жана ИИМ башчысы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдүКазакстандын энергосистемасындагы мүчүлүштүктөн улам Кыргызстан убактылуу обочолонгон режимде иштеди — УЭТАжылык-2027: Сауд Арабиясы зыяратчыларга медициналык талаптарды койдуГ. Айтиев атындагы музейде Бишкектин тарыхына арналган лекция өтөтКыргызстанда угуусу начар балдар үчүн 30 млн сомдук сүйлөө процессорлору сатылып алындыБишкекте электр энергиясында мүчүлүштүктөр болду — Энергетика министрлиги себептерин тактоодо
ТИМ: Ирандын аймагынан Кыргызстандын 42 жараны эвакуацияланды
01.07.2025 | 15:18
Тышкы иштер министрлиги Ирандын аймагында жүргөн 42 жаран Кыргызстанга аман-эсен эвакуацияланганын билдирди.
Маалыматка ылайык, Ирандагы кыргызстандык жарандардын кайрылууларына байланыштуу “Багжиран” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Түркмөнстанга 4 жаран, ошондой эле “Астара” көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу Азербайжанга 38 жаран эвакуацияланган.
“Учурда эвакуацияланган жарандардын баары Кыргызстанга аман-эсен кайтып келишкен”,- деп билдирди ТИМ.
Ошондой эле Министрлик Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен тыгыз байланышта болуп, чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүп, алардын Кыргызстанга коопсуз кайтып келишин камсыз кылуу үчүн бардык күчүн жумшоону улантарын кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар