Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 23-августта туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн: 14….19… күндүз: 25… 30°C;
Талас облусунда түнкүсүн: 10….15….күндүз: 24…..29°C;
Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында түнкүсүн: 15…20….күндүз: 27……32°C;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн: 6…..11….күндүз: 18……23°C;
Нарын облусунда түнкүсүн: 5….10…..күндүз: 19….24°C;
Эртең Бишкекте күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт, түнкүсүн күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 32……34°C, түнкүсүн 17 … 19°C.