Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдор тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн -4…-9
күндүз -4…+1
Талас району
түнкүсүн -5…-10
күндүз -4…+1
Баткен облусу
түнкүсүн 0…-5
күндүз +2…+7
Ош жана Жалал-Абад облустары
түнкүсүн 0…-5
күндүз +2…+7
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн -5…-10
күндүз -2…+3
Нарын облусу
түнкүсүн -14…-19
күндүз -7…-12
Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетет. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүзгү жогорку температурасы -1…+1.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз