Өзбекстан менен Казакстан чек ара боюнча келишимге кол коюшту

Өзбекстан менен Казакстан чек ара боюнча келишимге кол коюшту

Өзбекстан менен Казакстандын президенттери Шавкат Мирзиёев менен Касым-Жомарт Токаев бейшемби күнү жалпы чек араны демаркациялоо боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу өзбек лидеринин басма сөз кызматы билдирди.

Токаев 21-22-декабрда Өзбекстанда мамлекеттик сапар менен жүрөт.

«Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тарыхый документтерге — союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге жана өзбек-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча келишимге кол коюшту», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн, министрликтеринин жана ведомстволорунун, ири компанияларынын деңгээлинде көп тармактуу кызматташууну мындан ары кеңейтүүнү караган 15 документке кол коюлганы кошумчаланды.

Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 2,1 миң километрден ашат. Тараптар аны демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү 2003-жылы баштаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>