Кыргызстанда биринчи жолу 3D-протездөө технологиясы ишке киргизилдиЖалал-Абадда алимент төлөбөгөн жаран эки жылга эркинен ажыратылдыКыргызстан 2026-жылдын башынан бери 17 тонна гүл экспорттодуКыргызстанда үч жашка чейинки балдарга 1200 сомдон жөлөк пул бериле баштайт. Президент кол койдуКорея Ош шаарынын таза суу системасын жаңылоого 10 млн доллар грант беретСадыр Жапаров абактан чыккан Даниэль Ажиевди алып бара жаткан тик учакты кайтарууну буйруду
23-декабрга карата аба ырайы
23.12.2025 | 09:00

Бүгүн, 23-декабрда, өлкөнүн көпчүлүк өрөөндөрүндө, дыйканчылык аймактарында, тоо этектеринде жана ашууларда кар жаашы мүмкүн. Талас жана Баткен облустарында кар жаашы күтүлбөйт. Ашуулардагы жолдорго кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
- Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9°C, күндүз -1…4°C;
- Талас облусунда түнкүсүн -6…-8°C, күндүз 1…3°C;
- Ош облусунда түнкүсүн -1…-3°C, күндүз 3…5°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 0…-2°C, күндүз 4…6°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн -2…-4°C, күндүз 2…4°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7°C, күндүз 0…3°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн -9…-11°C, күндүз -4…-6°C болот.
- Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн -5…-7°C, күндүз 2…4°C болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом