Быйыл Бишкекте 2 миңден ашуун адам ооруканага ит-мышык тиштегенин айтып кайрылган

09.09.2025 | 18:05

Быйыл 8 айда Бишкек шаары боюнча жалпы 2 миң 318 адам жаныбар тиштеп, кайрылган. Алардын ичинен 34%ы 14 жашка чейинки балдар, ал эми калагын өспүрүмдөр жана чоңдор. Бул тууралуу шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, 1 миң 377 адамды ит тиштеген, алардын ичинен 317 учурда белгисиз ит тиштеген. Ал эми мышык тиштеген 740 учур катталып, анын ичинен 189 учурда белгисиз мышык тиштеген.

Борбор бул мезгил ичинде ит-мышыкка катуу таланган 16 адам госпитализацияланганын билдирди. Бардык бейтаптарга өз убагында медициналык жардам көрсөтүлүп, кутурманын алдын алуу иштери жүргөн.

Кутурма вирусу адамдын жана жаныбардын нерв системасын жабыркатып, өлүмгө алып келет. Кыргызстанда бул вирустун негизги алып жүрүүчүлөрү иттер, мысыктар, бодо мал, аттар, койлор жана эчкилер болуп саналат.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору ит-мышык тиштеген учурда төмөндөгү алдын алуу ишин сөзсүз жасоо керектигин эскертти:

  • Тиштелген жерди дароо самындап жууш керек;
  • Стерилдүү таңгак менен таңуу;
  • Жергиликтүү дарыгер-хирургка кайрылуу
  • Антирабикалык вакцинациянын толук курсун алуу керек.
Scroll to Top