Кыргызстандын аймагында 24-апрель саат 10:00гө карата дагы 25 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
СOVID-19 инфекциясынын жаңы жуктургандар төмөнкү аймактардан катталды: Бишкекте – 6;
Чүй облусу – 4;
Ош ш. – 3;
Ош облусу — 3;
Нарын облусу – 9.
Кыргызстанда коронавирус жуктургандар жалпы саны 656га жетти.