Ошто ата-бала кошунасына кайрадан басым кылып жаткандыгы тууралуу маалымат текшерүүгө алынды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган шаардык соттун судьясы мурда 24 ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылган, ИИМдин атайын тизмесинде «уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү» катары атайын тизмеде турган жаранды үй камагына чыгарган.
Бүгүнкү күндө үй камагына чыгарылган 30 жаштагы И.И. жана анын атасы И.Н. тарабынан кайрадан коӊшуларына карата басым («үйүӊөрдү өрттөйм»деген коркутуулар) жасалып жаткандыгы тууралуу маалыматтарды милиция текшерүүгө алды.
«Ал акыркы жолу, 18-сентябрда коншусунун үйүнө барышып, атасы менен биргеликте 5 адамдын денесине ар кандай жараат келтиришкен. Беш адамдын арызынын негизинде тергөө иштери жүрүп жатат. Жабырлануучунун бири, 32 жаштагы аял оор абалда.
Коншулардын чыры учурунда ата-бала И.И. жана И.Н. милиция кызматкерлердин талабына баш бербестен дагы коӊшуларга кол салууга болгон аракетин уланта берген. Коншуларды, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын укпастан, вулгардык сөздөр менен сөгүп, ажыратууга аракет жасап жатышкан милиция кызматкерлерине жана жарандарга атасы И.Н. жыныс органдарын көрсөтүп тилдеген»,- деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, Ош шаарынын Достук көчөсүндө жашаган эки кошуна жаңжалдашып, бири-бирин айыптоодо.