Бишкектеги мектепте тамактан уулангандардын саны 84кө жетти. Мектеп директоруна айып пул салынды

03.11.2025 | 11:50

Бишкектеги «Сейтек СТЕМ» жеке мектебинде тамактан массалык уулангандардын саны 84 адамга жетти. Бул тууралуу борбор калаанын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, жабыр тарткандардын ичинен төртөө мугалим, калгандары окуучулар болгон. Алардын ичинен 79 адам жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылган. Дагы 5 адам жеке медициналык борборлорго кайрылган. 10 бала жана 2 чоң киши ооруканага жаткырылган, калгандарына амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.

Аларга алдын ала “белгисиз этиологиядагы бактериялык уулануу” диагнозу коюлган.

Саламаттык сактоо министрлиги Reporter.kg’ге билдиргендей, ооруканага жаткырылган 8 адам (алты бала, эки чоң киши) бүгүн, 3-ноябрда, үйүнө чыгарылат.

Аталган мектеп директоруна Укук бузуулар жөнүндө кодексинин «Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу» беренеси боюнча эки протокол түзүлүп, 5 миң сом жана 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыкканга чейин мектеп ашканасынын иши токтотулган.

Учурда Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору иликтөөнү улантып жатканы айтылды.

Эске салсак, 31-октябрда борбор калаадагы «Сейтек СТЕМ» жеке мектебинде окуучулар жана мугалимдер массалык түрдө тамактан ууланганы белгилүү болгон. Санитардык-эпидемиологиялык иликтөөнүн жыйынтыгында уулануу мектептин ашканасында түшкү тамак учурунда берилген шаурмадан келип чыккандыгы аныкталган.

Scroll to Top