Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
Садыр Жапаров Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисин дайындады
11.02.2026 | 15:05

Сыргак Бердикожоев Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 11-февралда кабарлады.
Эске салсак, кечээ, 10-февралда, Садыр Жапаров Күзөт кызматын УКМКнын карамагынан чыгарып, түздөн-түз Президентке баш ийген мекеме кылып кайра түзүү боюнча жарлыкка кол койгон. Мамлекеттик күзөт кызматы улуттук коопсуздукту камсыздоо тутумуна кирет жана «Мамлекеттик күзөт жөнүндө» мыйзамда белгиленген компетенциялардын чегинде ишмердүүлүк жүргүзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат