Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең 25-сентябрда өлкөнүн тоолу райондорунда жамгыр жаашы мүмкүн. Калган аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ысык-Көл облусунун айрым аймагында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27°;
Таласта түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25°;
Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31°;
Ысык-Көл облусунун аймагында түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26°;
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 23…28°;
Бишкек шаарында 25-сентябрда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 24…26° болот.