Баткен, Талас жана Ош облусунан келген балдар «Алтын-Балалык» борборунда эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, алар аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн, майыптыгы бар, жетим жана турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдар.
Жалпысынан үч айда 1000 миң балага эс алуу уюштурулат. Ал үчүн 15 миллион сом бөлүндү.