Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Жубайынын макулдугусуз 100 миң сомго чейин насыя алууга уруксат берүү сунушталууда
18.06.2024 | 09:00
Улуттук банк жарандарга жубайларынын биринин (аялы же күйөөсүнүн) макулдугусуз 100 миң сомго чейин насыя алууга уруксат берүүнү сунуштап жатат. Документ коомдук талкууга чыгарылды.
“Акчабар” жазгандай, учурда жаран каржы-насыя мекемесинен 50 миң сомдон ашык насыя ала турган болсо, жубайынын макулдугун алуусу керек. Эми Улуттук банк аталган сумманы эки эсеге көтөрүүнү, тактап айтканда, аялы же күйөөсүнүн кат түрүндөгү макулдугусуз эле жубайлардын бирине 100 миң сомго дейре насыя алууга шарт түзүүнү сунуштап жатат.