Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
31-май: Коронавирустун жаңы 174 учуру катталып, 5 бейтап каза болду
31.05.2021 | 11:26
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 174 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, соңку суткада 4549 кишиден ПЧР тест алынган.
Илдет аныктылгандар:
Бишкек шаарында – 95;
Ош шаарында – 26;
Чүй облусунда – 7;
Ош облусунда – 0;
Талас облусунда – 4;
Нарын облусунда – 4;
Ысык-Көл облусунда – 15;
Жалал-Абад облусунда – 17;
Баткен облусунда – 5.
Ошондой эле инфекция 11 медицина кызматкеринен табылган.
Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 244 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 4, Ысык-Көл облусунда 1 киши каза болду.
Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери COVID-19 104 миң 729 адамдан аныкталды. Анын ичинен 98 миң 544 бейтап айыгып, 1 миң 808 киши каза болду.
Рубрики: Жаңылыктар