“342 объектини ким саткан?” Жээнбеков менен Молдокматов кайым айтышты (видео)

“342 объектини ким саткан?” Жээнбеков менен Молдокматов кайым айтышты (видео)

“Марал” радиосунун эфиринде  “Замандаш” саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов менен саясатчы Равшан Жээнбеков айтыша кетти.

“Коррупцияга каршы күрөш: үмүт акталабы?” деген теманын алкагында болуп жаткан талкуу учурунда  Жеңиш Молдокматов “Замандаш” партиясы өзүн-өзү каржылап келген туруктуу пртия экенин белгилеп, Равшан Жээнбековдун партия түптөй албай, ар кайсы партияда жүргөнүн айтып сынга алды.

“Кыргызстандын тарыхында “Замандашдай” туруктуу жана системдүү бир дагы партия жок. Эгер иш чаралар боюнча кызыга турган болсоңуз, мигранттар каржылап жатат. Колуңардан эч нерсе келбесе, партия түптөй албасаңыз, анда унчукпаңыз”, — деди Молдокматов.

Эки саясатчынын ортосунда кайым-айтышуу орун алып,  эфирдин алып баруучусу арачага түштү.

Мындан сырткары Молдокматов, “2001-2005 — жылдары 342 объектини  ким саткан, “Асыл-Таш” пансионаты кимдики?”, — деген суроо салды.

Равшан Жээнбеков болсо бир дагы объектини сатпаганын айтты.

Рубрики: ВИДЕО , ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>