Чүй — Гоголь кесилишиндеги жол кырсыгы: Mercedes жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, беш адам жабыркадыАт майдан, арена жана Кырчын: Адылбек Касымалиев ДКӨгө даярдыкты текшерди — сүрөтӨКМ: Бишкектин борборундагы курулушта чыккан өрт өчүрүлдү — жабыркагандар жокБишкектеги «Ырыс Ордо» конгресс-холлунун курулушу аяктап калдыБишкектин борборунда курулуп жаткан имараттан өрт чыкты — видеоИндонезиядагы жер титирөө: каза болгондордун саны 20га жетти
Депутаттар Эверестти багындырган айымдарга Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырышты
04.06.2025 | 17:50
Дүйнөнүн эң бийик чокусу – Эверестти багындырган Асел Байбагышева жана Рысгүл Акимжановага Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы жана Ыраазычылык каты тапшырылды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Грамоталар бүгүн, 4-июнда өткөн Жогорку Кеңештин айым депутаттар форумунун кезектеги жыйынында тапшырылды.
Анда айым депутаттар кыргыздын эки айымы Эверестти багындырып, өлкөнүн желегин желбиретип келгени үчүн ыраазычылыгын билдирип куттукташкан. Ошондой эле кыргыздын кыйын кыздарынын тизмеси Асел Байбагышева жана Рысгүл Акимжанова менен толукталганын билдиришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар