Чүй — Гоголь кесилишиндеги жол кырсыгы: Mercedes жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, беш адам жабыркадыАт майдан, арена жана Кырчын: Адылбек Касымалиев ДКӨгө даярдыкты текшерди — сүрөтӨКМ: Бишкектин борборундагы курулушта чыккан өрт өчүрүлдү — жабыркагандар жокБишкектеги «Ырыс Ордо» конгресс-холлунун курулушу аяктап калдыБишкектин борборунда курулуп жаткан имараттан өрт чыкты — видеоИндонезиядагы жер титирөө: каза болгондордун саны 20га жетти
Сентябрга чейин оор жүк ташуучу унааларга күндүз жүрүүгө чектөө киргизилди
04.06.2025 | 17:25
Транспорт министрлиги 19-майдан 1-сентябрга чейин оор жүк ташуучу унааларга күндүзү жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилгенин эске салды.
Маалыматка ылайык, мында максималдуу жалпы массасы 18 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына тыюу салынат.
Чектөө абанын күндүзгү температурасы 28ºС жана андан жогору болгон учурда болжол менен эртең мененки саат 10:00дөн кечки саат 20:00гө чейин киргизилет.
Бул чектөө төмөнкү унааларга тиешеси жок:
- Жүргүнчү ташуучу унаалар;
- Гуманитардык жардамды ташуучу унаалар;
- Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жана кооптуу жүктөрдү ташуучу унаалар;
- Атайын уруксаттын негизинде ири көлөмдөгү жүктөрдү ташуучу унаалар;
- Жол куруу жана оңдоо иштерине тартылган унаалар (берилген ордер боюнча).
Министрлик Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан бул чектөөнүн сакталышы тыкыр көзөмөлгө алынып, түшүндүрүү жана текшерүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканын маалымдады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом