Токмокто технохаб курулат: Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Central Asia Capital меморандумга кол койду«Телеграм» аркылуу ИГИЛ уюмуна тартылган кыргызстандык жаран кармалдыКыргызстанда 73 жаштагы бейтаптын жүрөгүнө уникалдуу операция жасалдыБишкекте Опера жана балет театрында өткөн пилатес сабагы коомдо нааразычылык жараттыЧүй облусунун 100дөн ашык окуучусу «Евразия» паркына бардыБашка бирөөнүн жерин саткан. Чүй милициясы алдамчылыкка шектүүнү кармады
Пакистандык студентти сабагандар 1 айга камакка алынды
23.07.2020 | 10:48
Пакистандык студенттерди сабаганга шектелип кармалган 3 адам бир айга тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Кармалгандадын үстүнөн «Бейбаштык» беренеси боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жатканы, ал эми пакистандык ыктыярчы Аббас Али Шахтын сынган мурдуна операция жасалары айтылат милициянын билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, 19-июль күнү кечинде Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө 4 киши арыз менен кайрылган. Алар Кой-Таш айылындагы эс алуучу жайлардын биринде белгисиз бирөөлөрдүн ур-токмогуна кабылганын айытшып, аларга чара көрүүнү суранышкан.
Кийин бул факты боюнча 31 жаштагы Ысык-Ата районунун тургуну, 30 жаштагы Бишкек шаарынын жашоочусу жана К.Б. аттуу дагы бир адам кармалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом