Шакира «Бишкек Аренада» концерт берет — Президенттин иш башкаруучусуКыргызстандын курамасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча финалда 7:2 эсебинде жеңишке жеттиКыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча финалда 12:0 эсебинде жеңүүчү болдуУлуттук банктын башчысы Кыргызстанда санарип сом кантип киргизилип жатканын айтып бердиЫңгайлуу жылуу аба ырайы жана жаан-чачынсыз: 6-сентябрга карата аба ырайыКөк бөрү боюнча финалдар жана көчөлөрдүн жабылышы: Бишкекте 6-сентябрга карата иш-чаралардын тартиби
Ошко Москвадан 301 кыргызстандык кайтып келди
23.07.2020 | 10:46
“Москва — Ош” чартердик каттамы менен Кыргызстандын 301 жараны Ош шаарына кайтып келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси мекендештердин жеке арыздарынын негизинде түзүлгөн. Ага негизинен студенттер, боюнда бар жана жаш балдарын колуна кармаган аялдар, оорулуулар, жакындарын жоготкондор жана турмуштук катаал кырдаалга кабылган жарандар келди.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери 60ка жакын чет өлкөдөн келе албай калган 30 миңге жакын кыргызстандык жаран мекенине жеткирилген. Алардын басымдуу бөлүгү Орусиядан алып келинген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом