Кыргызстандын аймагында дагы 35 адамдан коронавирус аныкталып, ооруну жуктургандардын жалпы саны 830га жетти. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова брифингде билдирди.
СOVID-19 инфекциясынын жаңы жуктургандар төмөнкү аймактардан катталды:
Бишкек ш. – 25, Жалал-Абад облусу –5, Баткен облусу – 1, Чүй облусу – 2, Нарын облусу –1
Айнура Акматова ошоной эле бир сутка ичинде 11 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкканын айтты.
Ушуну менен коронавирустан айыгып чыккандардын саны 575ге жетти.