40 сомдук жол кире. Бишкектин мэриясы түшүндүрмө берди

40 сомдук жол кире. Бишкектин мэриясы түшүндүрмө берди

Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык автобус жана троллейбустарда жол кирени көтөрүү демилгеси боюнча түшүндүрмө берди.

Мэриядан белгилешкендей, алар жол кирени кагаз акча, тыйын түрүндө төлөгөндөр үчүн гана кымбаттатууну сунуштап жатышат. Ал эми «Тулпар» картасы, электрондук капчыктар, банк карталары менен төлөгөндөр үчүн баа 17 сом бойдон калат. Учурда накталай төлөм үчүн жол акы 20 сомду түзөт.

Шаар бийлиги билдиргендей, жүргүнчү жол кирени накталай төлөгөн учурда айдоочу акчанын бир бөлүгүн кымырып алат. Ошондой эле мэрия айдоочуларга күнүнө төгө турган акчанын планын коюп койгондуктан, алар планды аткарыш үчүн унааны катуу айдап, жол эрежесин бузууда, бири-бири менен жарышууда. Анын айынан, көп учурда, автобустар жол кырсыгына учурап жатат. Автобустун жол кырсыгына кабылганы бир гана акчалай чыгымга эмес, жүргүнчүлөрдүн жаракат алышына алып келүүдө.

Мындан улам мэрия накталай төлөм үчүн жол акы кымбаттаса, эл жол кирени накталай эмес төлөй баштап, анын аркасы менен жол киреден түшкөн акча айдоочулардын сол чөнтөгүнө кетпей калат, айдоочулар да «көбүрөөк акча чогултам» деп жарышпай калат деген ойдо.

Мэрия алардын демилгеси коомчулуктун талкуусуна чыгарылганын, элден түшкөн сунуш-пикирлерди эске аларын белгиледи.

Эскерте кетсек, буга чейин Транспорт департаментинин директорунун орун басары Бакытбек Сарымсаков накталай төлөгөндөр үчүн жол кирени 40 сом кылуу пландалып жатканын билдирген. Бирок накталай эмес төлөгөндөргө жол акы 17 сом бойдон калат. Аны менен бирге алар бир жолу 17 сом төлөп, 90 мүнөттүн ичинде 3 автобуста акысыз жүрө алат. Бул жеңилдик накталай төлөгөндөргө тиешелүү эмес.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>