40 жаштагы жаран 9 жашар кызга ыплас аракеттерди жасоого айыпталууда

40 жаштагы жаран 9 жашар кызга ыплас аракеттерди жасоого айыпталууда

Сокулук районунун 40 жаштагы тургуну К.М. мас абалында кошунасынын 9 жашар кызына ыплас аракеттерди жасоого айыпталууда. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан ырастады.

Окуя 12-апрелде болгон. Шектүү секелек кызды алдап, үйүнө чакырган.

Ага Кылмыш-жаза кодексининин 158-беренеси менен айып тагылып, шектүү камакка алынып, иш 30-апрелде сотко жиберилди.

Кыздын апасынын Reporter.kg’ге билдирүүсүндө, 2015-жылы туулган кызы андан кийин мектепке барбай, кайра-кайра сыркоолоп жатат.

«Ал күнү балдарды атама таштап, жолдошум экөөбүз бир жакка кеткенбиз. Саат 15.30да кайтып келе жатсак эле кызым ыйлаган бойдон алдыбыздан тосуп чыгып, мени атасынан бөлүп жетелеп кетти. Анан мага баарын айтып берди. Кызымды алдап, гаражка алып кирип алып, эмнелерди гана кылган эмес», — дейт ал.

Аялдын айтымында, шектүүнүн туугандары, классташтары акча сунуштап келишкен.

«Акчадан баш тартсам, коркутуп, «бутуңду сындырып кетебиз», — деп айтышты. Экспертизаны дагы сатып алышкан окшойт, азыр гинекологдун бүтүмү башкача чыгып жатат. Айылдын жарымы эле алардын туугандары болот. Сотко дагы толтура болуп келишти. Жада калса ажырашып кеткен аялы келди. Экөөнүн 2 уулу бар. Көчөдө менин уулума дагы кысым көрсөтүп, кызыма таш ыргытышкандыктан жашаган жерибизди өзгөрттүк», — дейт ал.

Айыпталуучунун жактоочусу кыздын апасын катыштырбай кайра экспертизадан өткөрүүнү, болбосо секелекти сотко катыштырууну сунуштоодо.

Иш Сокулук райондук сотунда 6-июнь күнү саат 15.00дө каралат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>