Кыргызстанда аэропорттон президенттин администрациясына чейин өзүнчө атайын жол куруу пландалуудаСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскертти
50 миң сом сыйлык. “Кыргызстанда жасалган” логотибине сынак жарыяланды
01.11.2023 | 13:21
Соода-өнөр жай палатасы “Кыргызстанда жасалган” белгисинин логотибин түзүүгө сынак жарыялайт. Бул тууралуу мекеменин төрагасы Темир Сариев билдирди.
Анын айтымында, логотип оңой тааныла турган, графикалык элементтерден түзүлгөн, өзгөчө болушу шарт.
Сынактын жыйынтыгы 1-декабрда чыгарылат.
Жеңүүчүгө диплом жана 50 миң сом сыйлык ыйгарылат.
Сунуштар 1-ноябрдан 15-ноябрга чейин кабыл алынат. Долбоорлорду info@cci.kg электрондук дарегине жана почта менен (720001, Бишкек шаары, Киев көчөсү -107) жөнөтүү зарыл.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом