Депутат абактагыларга мунапыс берүүнү көбөйтүүнү сунуштайт

Депутат абактагыларга мунапыс берүүнү көбөйтүүнү сунуштайт

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан  Жумабеков мунапыс жөнүндө мыйзамдан ырайым берүү актысын кайталап колдонууга тыюу салган ченемди алып салууну сунуштайт.

Анын айтымында, бул норма ырайымдуулук принциптерине каршы келет.

“Бул долбоордун кабыл алынышы соттолуучуларга жана соттолгондорго мунапыс берүүнү колдонуунун санын көбөйтөт. Ырайым берүү жараяны биринчи жолу сот жоопкерчилигине тартылгандарга гана тиешелүү болот”, — дейт Дастан Жумабеков.

Эл өкүлү 2019-жылга чейин Жогорку Кеңеш жыл сайын мунапыс берүү жөнүндө мыйзамдарды кабыл алып турган белгилейт.

Жазаларды аткаруу кызматынын маалыматында, 2016-жылы Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жарыяланып, ал  2 миң 194 соттолгон адамга колдонулган.

Алардын ичинен 684 киши эркиндикке чыкса, 1 миң 510 адамдын жаза өтөө мөөнөтү кыскартылган.

2020-жылы Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу жарыяланган мунапыс  1 миң 52 соттолгондорду  камтыган. Анда 87 киши түрмөдөн бошотулуп, 965тин жаза өтөө мөөнөтү кыскартылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>