Соңку суткада 549 адамдан COVID-19 илдети табылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-августтагы брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Коронавирус аныкталган жарандар төмөнкү аймактарда:
Бишкек — 162
Ош – 81
Чүй облусу – 38:Ош облусу — 71
Талас облусу – 36
Нарын облусу – 12
Ысык-Көл облусу – 45
Жалал-Абад облусу – 44
Баткен облусу — 60
Муну менен Кыргызстанда COVID-19 илдетине чалдыккандардын жалпы саны 38659 адамга жетти.
Ошондой эле соңку суткада 589 адам сакайып, ооруканалардан чыккан.