Ош облусунун Кара-Суу районунда эркек киши 64 жаштагы кайненесин жана 24 жаштагы аялын ур-токмокко алып, сабаган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, аларга 30-ноябрда 64 жаштагы аял арыз менен кайрылып, күйөө баласы (Ж.А.) 29-нобрда ур-токмокко алганын билдирген. Ушундай эле арыз менен 2-декабрда аялдын 20 жаштагы кызы кайрылган. Ал 29-ноябрда күйөөсү сабаганын айткан.
Ур-токмокко кабылган аялдарга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын биринин жыйынтыгы чыгып, анын негизинде кайненесин сабоо фактысы боюнча 35 жаштагы Ж.А. тергөө кызматына жеткирилип, ага Укук бузуулар кодексинин 57-беренеси (ден соолукка атайын жеңил зыян келтирүү) менен иш козголгон. Соттун чечими менен ал жаза катары 7 күнгө камакка алынган.
Ошондой эле шектүүнүн аялын сабоо фактысы боюнча териштирүү иштери уланууда. Милиция соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен ага кылмыш ишин козгоо маселеси караларын билдирди.
Сабалган аялга коргоо ордери берилген.