640 млн долларга «Келечек» тоннелин куруу боюнча келишимге кол коюлду

02.12.2025 | 13:20

Кыргызстанда Төө-Ашуу ашуусуна «Келечек» альтернативдик тоннелин куруу расмий түрдө башталды. Бүгүн Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги жана «Тез Жол» ЖЧКсы жетекчилик кылган компаниялар консорциуму мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоорго ылайык, узундугу 11,5 чакырым болгон жаңы тоннель деңиз деңгээлинен болжол менен 2,2 миң метр бийиктикте курулат. Тоннель ашуу аркылуу жыл бою коопсуз жана үзгүлтүксүз унаа каттамын камсыз кыла алат. Тоннелдин өзүнөн тышкары, долбоор эки төлөм алуу пунктун, жалпы кубаттуулугу 31,3 мегаватт болгон эки кичи ГЭСти, ошондой эле заманбап автоматташтырылган башкаруу тутумун курууну камтыйт.

Долбоорго салынган инвестициянын көлөмү 640 млн долларды түзөт. Каржылоо толук бойдон жеке өнөктөш тарабынан камсыздалат, бюджеттен каражат бөлүнбөйт. Долбоорду ишке ашыруу жана эксплуатациялоо мөөнөтү 49 жылды түзөт.

Бул долбоор өлкөдөгү эң ири инфраструктуралык иштердин бири болуп, транспорттук тармактын туруктуулугун жогорулатат.

Scroll to Top