Шакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйтУнаанын номерин кайра тариздөө кызматы эми «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүүЖККУ Ирандагы кырдаалга байланыштуу Борбор Азиядагы энергетикалык объектилерди коргоону күчөтүүгө чакырдыЧүй облустук театры Талас шаарына гастроль менен баратСадыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалымат
Бишкек мэри жаңы жылда акча чогулткандар кызматтан алынарын эскертти
02.12.2025 | 13:19
Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев мекеменин кызматкерлерине жаңы жылдык белектер үчүн акча чогултууга тыюу салды.
Ал бардык кызматкерлерге бул маалыматты жеткирүүнү тапшырды. Анын айтымында, эң аз сумма да акча чогултууну уюштурган жетекчи ошол эле күнү иштен алынат. Жунушалиев ошондой эле белек салынган пакеттерди көтөрүп жүргөн жетекчилерди көргүсү келбей турганын кошумчалады.
Буга чейин мэрия өзүнө караштуу түзүмдөрдө жаңы жылдык корпоративдерге тыюу салган. Муниципалитет быйыл эч кандай майрамдык иш-чараларды өткөрбөйт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом