7-декабрга карата аба ырайы: Кар жаап, туман басат

7-декабрга карата аба ырайы: Кар жаап, туман басат

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы, өрөөндөрүндө жаан-чачын жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык зонасында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык зонасында жаан-чачын жаабайт.

Күндүз Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы, Чүйдүн дыйканчылык аймактарында кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл райондорунда жаан-чачын болбойт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор карга толуп, муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн -5…-10

күндүз +2…+7

Талас облусу

түнкүсүн -8…-13

күндүз -2…-7

Баткен облусу

түнкүсүн -2…-7

күндүз -1…+4

Ош жана Жалал-Абад облустары

түнкүсүн -2…-7

күндүз -1…+4

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн -4…-9

күндүз +1…+6

Нарын облусу

түнкүсүн -10…-15

күндүз -3…-8

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн -8…-10°, күндүзгү жогорку температурасы -4…-6° болот.

Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>